www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламент депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы качан чыгат?

28-ноябрда өтүүчү Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча добуштардын жыйынтыгы 18-декабрга чейин чыгарылат. Бул маалыматты Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова Бишкектеги иш-чарада айтты.

Төрайым - үгүт иштери 29-октябрда баштала турганын кошумчалады. «Үгүт иштери 27-ноябрга чейин уланат. Добуш берүү күндөрү — 27-28-ноябрь. 27-ноябрда айрым жарандар үчүн шайлоо түйүнүнөн тышкаркы аймактарда добуш берүү өтөт. Шайлоонун жыйынтыгын 18-декабрга чейин чыгарабыз», - деди төрайым.

Бул шайлоодо 54 депутат партия тизмелери аркылуу, 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости