www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү "Ногу свело" рок-группасынын лидери, орусиялык оппозиционер Алексей Навальныйдын тарапташы Максим Покровскийдин Сибирге пландалган концерттик туру болбой калды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматтарга караганда, ырчы мунун себебин бийлик тарабынан концерт уюштуруучуларга коркутуп-үркүтүүлөр болгону менен байланыштырган.

"Аталган рок-группасы 25-апрелден 6-майга чейин Сибирь аймагындагы Омск, Новосибирск, Томск, Кемерово, Красноярск, Абакан жана Иркутск шаарларын кыдырып, концерт коюшмак. Максим Покровский концерттерге билеттер жакшы сатылганын белгиледи. Ырчы эми турду күз айына пландап жатат.

Белгилей кетүүчү жагдай, Максим Покровский оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды колдоп келген жана анын абактан бошотулуусун талап кылган", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости