www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Навальныйды күч органдары уурдап кеттиби?

Орусиядагы оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйды «Матросская тишина» тергөө абагынан чыгарып кетишти.

Бул тууралуу анын адвокаты Вадим Кобзев «Твиттерге» жазды.

Кобзев Навальныйды күч органдарынын кызматкерлери кайда чыгарып кетишкенин кабарлаган жок.

Эскерте кетсек, 2-февралда сот Навальныйды 2014-жылкы иш боюнча алдамчылыкка айыптап, үч жарым жылга эркинен ажыраткан болчу. Адвокаттары жазган доо арызды Москва шаардык соту 20-февралда четке каккан. Тергөө абагында отурган мөөнөтү эске алынып, Навальный 2,5 жыл жабык мекемеде жазасын өтөмөй болгон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости