www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алексей Навальный соттолгондордун жана колонияда иштеген жаза аткаруу кызматкерлеринин кесиптик кошуунун түзгөнүн жарыялады.

Навальныйдын айтымында, ал "Промзона" аталышындагы кесиптик кошуун түзүлгөнү тууралуу колониянын башчысына жана Федералдык жаза аткаруу кызматынын директоруна билдирди. Навальный кесиптик кошуунда азырынча өзү гана бар экенин, соттолгондор “эркиндикке чыкпай калабыз деп коркконунан” мүчө катары кирбегенин айтты. Саясатчы бул үчүн түрмөдө аны өлтүрүп коюшу ыктымал экенин белгилөөдө.

"Азырынча атайын комиссия күн сайын мага сөгүш жарыялап жатат. Мындан тышкары расмий түрдө кылмыш жасоодон оолак болууну эскертишти", – деп жазды оппозиционер.

Ошол эле маалда Навальный уюмдун алгачкы жеңиши да бар экенин билдирди:

Кесиптик кошуундун талабы жана юристтердин катышуусу менен колониянын администрациясы тигүү цехиндеги табуреткаларды аркасында жөлөнгүчү бар орундуктарга алмаштырды. Эгер силер тигүү машинкасында жети-сегиз саат отурсаңар, бул өтө маанилүү, ишенгиле, - деди ал.

Навальный өзү да абактагы тигүү цехинде иштейт.

2022-жылы мартта Москванын соту Алексей Навальныйды "алдамчылыкка" айыптап, тогуз жылга эркинен ажыраткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости