www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чолпон-Ата шаарына Жапар Ормоновдун мэр болгону талкууга “жем” таштады. Башынан репутациясы шектүү, булганыч иштерге аралашкан, билими, деңгээли төмөн кадрдын карьералык секирик жасаганын коомчулук жактыра берген жок.

Ош шаардык кеңешинин төрагасы, вице-мэр катары иштегени маалым. Икрам Илмияновдун арты менен телчиккен, КСДПнын штабын жетектеген, бирок, бийлик алмашканда “куйругун” кесип кеткен жайы бар. 2020-жылы парламентке “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер катары чыккан.

“Шайлоонун шайтан оюнунан” төңкөрүш оту тутанып, ал арада Жапар Ормонов Оштон таяк жеп, бети-башы канжалаганы жашыруун эмес. Толкундаган көпчүлүктүн арасынан зорго суурулуп чыгып, өмүрүн араң сактап калганы айтылат.

Тилекке каршы, кечээги кылык-былыктарынан сабак албаптыр. Кайрадан саясатка, кызматка жанталашуу менен Чолпон-Ата, Бостерини башкара баштаган кербези. Бул эргулдун келгенине жергиликтүү тургундар нааразы экени каңкууланды.

Улам бир бийликке жармашып, бет пардасын сыйрып кете берген кошоматчы, сабатсыздын амалына чек жокпу? Эки жыл мурун Оштон жели жакшы чыкпай калыптыр. Али да кеч эмеспи? Көрө жаталык.

Булак: Азия News гезити

Последние новости