www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Байтик баатыр жана Максим Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «Нават» чайканасынын имаратында өрт чыкты. Ал жерге Октябрь райондук №5 өрт куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм жөнөтүлгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өрт саат 08:30да чектөөгө алынып, саат 09:05те толук өчүрүлгөн. Чайкананын ашканасынын чатыры жана желим шыбынын 45 чарчы метри күйгөн. Адамдар жаракат алган жок. Өрттүн себеби такталып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости