www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө башчы Садыр Жапаров бир катар чет мамлекеттин атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним кагаздарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Өлкө башчы Садыр Жапаров бир катар чет мамлекеттин атайын жана ыйгарым укуктуу элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды - Sputnik Кыргызстан

Салтанаттуу азем чет элдик дипломатиялык миссиялардын башчылары жана ардак кароолдун учурашуусу менен башталган.

Салтанаттуу азем чет элдик дипломатиялык миссиялардын башчылары жана ардак кароолдун учурашуусу менен башталган - Sputnik Кыргызстан

Президент Садыр Жапаров элчилерди Кыргызстанда дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн расмий башталышы менен куттуктап, жооптуу кызматында албан ийгиликтерди каалаган - Sputnik Кыргызстан

Мамлекет башчыга ишеним кагаздарын 21 өлкөнүн элчиси тапшырган:

1. Германиянын элчиси Габриэла Геллил;

2. Албания элчиси Кастриот Робо;

3. Мексика Кошмо Штаттарынын элчиси Гильермо Алехандро Пуэнте Ордорике;

4. Мавритания ислам республикасынын элчиси Сид Ахмед Эль Бекайе Хамади;

5. Норвегиянын элчиси Жон Микал Квистад;

6. Таиланддын элчиси Чатчаван Сакорнсин;

7. Латвия республикасынын элчиси Ирина Мангуле;

8. Эфиопия элчиси Адем Мохамед Махмуд;

9 .Йемендин элчиси Мухаммед Мотахар Алашаби;

10. Италиянын элчиси Марко Альберти;

11. Бельгиянын элчиси Анри Вантигем;

12. Босния жана Герцеговинанын элчиси Желько Самарджия;

13. Гананын элчиси Эрик Овусу-Боатенг;

14. Румыниянын элчиси Мадалина Лупу;

15. Эстоннын элчиси Тоомас Тирс;

16. Доминиканын элчиси Франк Ханс Данненберг Кастельянос;

17. Канаданын элчиси Алан Хэмсон;

18. Түндүк Македониянын элчиси Сали Лимани;

19. Испаниянын элчиси Хорхе Урбиола Лопес де Монтенегро;

20. Грекиянын элчиси Эфталия Какиопулу;

21. Бириккен Араб Эмирлигинин элчиси Мухаммед Саид Мухаммед Аль-Арики.

Президент Садыр Жапаров элчилерди Кыргызстанда дипломатиялык ишмердүүлүгүнүн расмий башталышы менен куттуктап, жооптуу кызматында албан ийгиликтерди каалаган. Өлкө башчы алардын ишмердүүлүгү мамлекеттер аралык мамилелер менен кызматташтыкты чыңдоодо жана өнүктүрүүдө оң натыйжа бере турганына ишенимин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости