www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовду Түркмөнстандын Президенти кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

«Ишенимдүү жеңишиңиз түркмөн элинин Сизге болгон ишеничинин жогорку деңгээлин ырастайт. Сиздин жетекчилигиңиз менен боордош Түркмөнстан өзүнүн өнүгүү жолунда чоң ийгиликтерге жетишет деп терең ишенем. Ошондой эле Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк тереңдеп, эл аралык уюмдардын алкагындагы байланыштар эки элдин кызыкчылыгы үчүн мындан ары да бекемдей берет деп ишеним артам. Сизди ыңгайлуу болгон убакытта Кыргыз Республикасына расмий сапар менен келүүгө чакырам», — деп айтылат куттуктоо жолдомодо.

Садыр Жапаров Сердар Бердымухамедовго чың ден-соолук, жогорку мамлекеттик кызматта ийгиликтерди, ал эми бир тууган Түркмөнстан элине бакубаттык жана өнүгүү каалады.

Белгилей кетсек, Түркмөнстандын азыркы президентинин уулу, Демократиялык партиядан талапкер Сердар Бердымухамедов президенттик шайлоодо 72,97% добуш менен алдыга чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости