www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош-Баткен-Исфана жолунун ыйлай турган абалы

21-февралда министрлер кабинетинин башчысы А.Жапаров Ош-Баткен-Исфана жолунун абалын көрүп, Транспорт жана коммуникация министрлигине тез арада «Эл аралык маанидеги магситралдык жолдорду жакшыртуу» долбоорунун алкагында каралган, Япония мамлекети тарабынан каржылануучу жол куруу иштерин баштоо маселесин көтөргөн.

Айта кетсек, мындай убаданы өткөн жылы эле У.Марипов берип, жол курулуш иштери 2021-жылы башталаарын айтып, сөзү сөз бойдон калып кетти. Дээрлик бул көйгөйлүү жолдун багы Траснспорт жана коммуникациялар тарабынан жалаң гана кур сөз менен жылыш жок 6 жылдан бери турат. Ушундай шалаакы мамиленин кесепетинен мамлекетке канча деген зыян келитирилүүдө.

Мисалы, ал насыя каражаттарды өз убагында пайдаланбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасы япония тарапка пайыз төлөйт, алты жыл бою долбоорду ишке ашыруу тобунун жумушчулары айлык алышат. Айта кетсек, 5-6 жылдын ичинде бүтө турган долбоордун дагы деле баштала электиги, дагы мындан ары бюджеттен жумушчуларга канча деген каражаттар бөлүнөгдүгү, тиешелүү мамлекеттик органдарды деги ойго салабы?

Качан жоопкерчилиги жок мамлекеттик кызматта отурган адамдар Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин башчылары, долбоорду ишке ашырууга жалданган кызматкерлер жоопкерчиликке тартылат? Мындай карасак, алар: эч жумуш аткарбай айлык алып, ондогон жылдар бою жүрө беришсе, ал эми шордуу Ош-Баткен-Исфана жолунун пайдалануучуларынын көйгөйү дагы деле токтоп турат. Алардын унааларынын талкалангандыгына эч ким жооп бербейт да, баштары да оорубайт.

Айта кетсек, Кыргыз Республикасы менен Япония мамлекетинин ортосундагы келишимге 2015-жылдын 26-октябрнда кол коюлган. Келишимдин алкагында 11,9 млрд япон ейни бөлүнгөн. Алты жылдан бери убаданын үстүндө гана жашап келе жатабыз. Транспорт жана коммуникация Министрлигинин шалаакылыгы мамлекетке, мамлекеттин экономикасына канча деген зыян келтиргенине кимдир-бирөө жоопкерчилик алабы же баягы эле убадалар менен жашай беребизби? 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости