www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурсултан Назарбаев «Nur Otan» партиясынын төрагасынын ыйгарым укуктарын Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевге өткөрүп берүүнү чечти. Бул тууралуу Элбашынын кеңешчиси – басма сөз катчысы Айдос Укибай билдирди.

«Саясий кеңештин кеңейтилген отурумунда Нурсултан Назарбаев «Nur Otan» партиясынын төрагасынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү чечимин кабыл алып, партияны өлкө президенти жетектеши керектигин белгиледи. Ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жол-жобосу партиянын уставына ылайык ишке ашат», - деп жазды Укибай «Twitter′деги» баракчасына.

«Nur Otan» – Казакстандагы башкаруучу жана президентти колдогон эң ири партия. Ал 1999-жылы Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен «Otan» партиясы катары түзүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости