www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 5-6-9-октябрындагы жапырт башаламандык боюнча соттук отурум 17-декабрга жылды. Ага мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ден соолугуна байланыштуу жараянга келе албаганы себеп болгон. Бул тууралуу адвокат Чынара Жакупбекова "Азаттыкка" билдирди.

Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр октябрь айындагы окуялар боюнча ишти 8-октябрда карай баштаган. Кылмыштын алкагында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана окуяга катышкан Фарид Ниязов, Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов баштаган бир нече киши айыпталууда.Былтыр 4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандар абактан бошотулган.

Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Митинг жети кишини жабыркаткан жаңжал менен аяктап, милиция кылмыш ишин козгогон.

Анын негизинде Атамбаев, кеңешчиси Фарид Ниязов, мурдагы жансакчылары Канат Сагымбаев, Дамир Мусакеев, “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, ИИМдин башчысынын мурдагы орун басары Курсан Асанов кармалып, камакка алынган. Атамбаевдин уулдары Сейит жана Кадыр Атамбаевдер да кармалып, күбө катары көрсөтмө берген соң коё берилген. Кийинчерээк шаардык сот Султанбеков менен Сагымбаевди үй камагына чыгарган.

Кийин бошотулган Курсан Асанов дагы эки жолу кармалып, үй камагына чыкты. Үчүнчү жолуп кармалып, учурда №50 абакта олтурат.

"Замандаш" партиясы менен 2020-жылдагы шайлоого катышкан, кийин “Туран” партиясын түзгөн Жеңиш Молдокматов быйыл 8-майда камалган.

Былтыр 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин нааразылык митинги өтүп, 5-6-октябрь күндөрү калайман тополоң чыккан. Андан кийин бийлик алмашып, башкаруу формасын өзгөртүү боюнча референдум өткөн. Парламенттин жетинчи чакырылышынын шайлоосу быйыл, 28-ноябрга белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости