www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын мурдагы кызматкери Алдаяр Исманкулов №27 түзөтүү абагында жазасын өтөп жатканын бүгүн, 23-ноябрда, «Сводка.АКИpress» редакциясына Жаза аткаруу кызматынан (ЖАМК) билдиришти. Исманкулов 10 жылдан бери абакта. «Абактагы жаран ага карата мунапыс жарыялоону суранды. Азыр бардыгын сот карап жатат», - деп кошумчалады мекеме.

Исманкулов 2009-жылдын 16-декабрында Алматы шаарында өлтүрүлгөн кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө күнөөлөнүп, кармалган. Ошол күнү Павлюкту 6-кабаттын терезесинен колу-бутун скотч менен байлап ыргытып жиберишкен.

Туугандары жана жакындары журналисттин өлүмүн анын кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырган. Бирок тергөө бул кылмыштын «саясий буйрутма» экенин жокко чыгарган.

2011-жылдын 11-октябрында Алматынын кылмыш иштер боюнча адистештирилген район аралык соту Исманкуловго жана Казакстандын эки жаранына карата чечим чыгарган. Исманкулов - адамды барымтага алуу, атайылап киши өлтүрүүнү уюштуруу жана жасалма документтерди жасоо боюнча күнөөлүү деп табылып, 17 жылга, казакстандыктар 11 жана 10 жылга эркинен ажыратылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости