www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев мурдагы күйөө баласы Рахат Алиев боюнча пикирин айтты. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды. 

Мурдагы күйөө баласы, маркум Рахат Алиевдин жогорку кызматка дайындалышы чоң ката болгонун Назарбаев белгилүү режиссёр Оливер Стоундун Qazaq: history of the golden man аттуу даректүү тасмасында айтты.

"Ал финансы полициясынын башына туруп алып, кызматынан кыянаттык менен пайдаланды. Бизнести кысып, акча алып турган. Бир учурда ага токтот деп эскертүү бергем. Элестетип көрсөңөр, менин күйөө балам, үч неберемдин атасы. Мага кызым, неберелерим, күйөө баламдын атасы болуп чогулуп келишти. Ал кылмышкер болсо мен эмне кыла алмак элем деп айткам", — деди Назарбаев.

Андан соң Оливер Стоун бул тууралуу Дарига Назарбаева сүйлөшкүсү келбей койгонун айтып, элбашынын өзүнө канчалык оор болгонун сурады.

"Аябай кыйналдым. Мындай эле бирөө болсо бир жөн... Бирок ал өз киши болчу да, мен ага ишенип, таяна турган адам болчу. Дариганын башынан көп нерсе өттү, ага боорум ооруйт", — деди мурдагы президент.

Эске салсак, Алиев мурда Назарбаевдин кызы Дариганын жолдошу болгон. 2008-жылы бийликти басып алууга аракет кылган, адам уурдаган кылмыштуу топту түзгөн деген айыптоолор менен сыртынан соттолгон. Ал кезде ал Австрияда жүргөн. 2015-жылы жергиликтүү ЖМКлар Рахат Алиев Австриядагы абактардын биринде каза болгонун жазышкан.

Ошондой эле Назарбаев Советтер Союзу урагандан кийин жаңы көз караштагылар иштесин деп чоң кызматтарга даярдаган жаштардын айрымдары коррупцияга аралашып, "далысына бычак" сайып кеткендерин эске салды. Анын ичинен мурдагы энергетика министри, коомдук ишмер Мухтар Аблязовду кызматка даярдаганына өзгөчө өкүнөрүн кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости