www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир айдан бери чет элдик инвесторлордун компаниясына электр энергиясы берилбей иштебей турат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Алиярбек Абжалиев билдирди.

Эл өкүлү жаңы Салык кодексинин долбоору экинчи окууда каралып жатканда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевге кайрылды.

"Негизи сунушталып жаткан Салык кодекси керек, бирок аны аткарууга шарт түзүү зарыл. Бүгүн биз инвесторлорду издеп жүрөбүз, ал эми мурда келген инвесторлордун ишканаларына электр энергиясын бербей жатабыз. Өкмөттүн позициясы кандай болуп жатат? Бул деген шылдың да. Мен билгенден бир айдан бери же электр энергия бербейсиңер, же такыр жаап кетирбейсиңер. Эгер бул жагын эптей албасак жанталашып чет элдик инвесторлорду чакырып эмне кылабыз?" — деди Абжалиев.

Ошондой эле ал инвесторлор министрлер кабинети менен сүйлөшүп, күндүзгү же түнкү режим менен болсо да иштөөгө даяр экенин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости