www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда азык-түлүк, күйүүчү май жана башка керектелчү товарлар кымбаттады. Буга кошумча энергетикалык кризис тооруп, учурда "баалар дагы өсе берет" деген чочулоо күчөдү. "Кымбатчылык ооздукталабы? Кандай жол менен?" деген суроолор менен экономика боюнча серепчи Төлөнбек Абдыровго кайрылдык.

- Кымбатчылык токтобой, абал оорлошо берет деген чочулоолор күч. Кандай чараларды көрсө болот?

- Бул көрүнүш улам курчуй берет. Биз экономиканы оңдошубуз керек. Анүчүн импортту азайтып өсүбүздөн өндүрүлгөн продукциялардын көлөмүн көбөйтүшүбүз зарыл.

Айыл чарбактарын көбүрөөк өстүрүп, эмгектенүүбүз шарт, жерлерди пайдалануубуз керек. Азык-түлүк коопсуздугун камсыз кыла турган азыктарды өстүрүү, көбөйтүү абдан маанилүү.

Мисалы, өзүбүздү өтө зарыл 9 продукциянын экөө менен эле камсыз кыла алат экенбиз, калганынын баарын башка жактан сатып алууга муктажбыз.

Фермерлерге жакшы жардам берип, аларга көмөк көрсөтүп, продукциялардын баарын өзүбүздөн чыгаруу керек. Ошол эле жеңил өнөр жай продукциясынын да көлөмүн көбөйтүү зарыл.

Экономикабыздын структурасын кескин түрдө өзгөртпөсө, абал оорлой берет. Сатып келип жаткандын баарын өзүбүздөн өндүрүп, бизнести да ошол тараптан колдошубуз керек.

Доллардын куну дагы өсөт. Экинчиден, чет жактан баарын долларга сатып келип жатабыз. Пандемия убагындагы каатчылыктан кийин дүйнө жүзүндөгү көп ишканалар бизге мурункудай көлөмдөрдү бербей калган.

Анан албетте, аз көлөмдүн баасы жогорулай баштайт. Биз өзүбүзден чыгарганга аракетти тездетип, иштебесек болбойт.

- Жакынкы күндөрү президент "90 күндүк эле азык-түлүк запасыбыз бар" деп токтолду...

-Негизи эле азык-түлүк менен камсыздаганга биз кампалардын баарын толтурушубуз шарт.

Өкмөт күндөп-түндөп иштеп аракет көрбөсө, курч көйгөйгө кептелишибиз мүмкүн. Эң биринчи зарыл чараларды көрүүгө мезгил келип жетти.

Булак: Азия News гезити

Последние новости