www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев Пекиндин Жибек жолун кайра жандандыруу демилгеси дүйнөдөгү каатчылыктын күчөшүнө карата өз убагында берилген жооп экенин жана геоэкономикалык парадигманын түзүүгө мүмкүнчүлүк ачарын белгиледи.

Казакстан лидери "Бир алкак, бир жол" демилгесинин күчтүү өңүттөрүнө токтолду. Назарбаевдин айтымында, биргеликте өнүгүү аркылуу туруктуулукка жетүү амалы ондогон өлкөлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарын чагылдырып турат. Жибек жолунун белгилүү бир сызыктары айкын болуп турган кезде бирдиктүү стратегиялык координация керек.

Казак президенти “Жибек жолунун экономикалык алкагы” ШКУ, ЕАЭБ жана Европа биримдиги платформаларын байланыштырышы мүмкүн экенин айтты.

Назарбаевдин пикиринде, транзит потенциалын туура өздөштүрүү үчүн товарларды ташууда кызмат көрсөтүүнү жакшыртып, тоскоолдуктарды жоюу зарыл.

Быйыл Кытай Иу шаарынан Лондонго темир жол аркылуу жүктөрдү түз жеткирүү иштерин баштады. Поезддер Казакстан,Орусия, Беларус, Польша, Германия, Белгия жана Франция аймактары аркылуу каттайт.

Булак: "centralasian.org"

Последние новости