www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев учурда Amanat партиясынын мүчөсү эмес жана партиянын ички процесстерине катышпайт. Бул тууралуу экс-президенттин басма сөз катчысы Айдос Укибай билдирди.
Анын айтымында, Назарбаевдин партиянын азыркы ишмердүүлүгүнө эч кандай тиешеси жок.
«Нурсултан Абишевичтин партияга кандай тиешеси бар? Ал 2019-жылы Казакстандын президенти кызматындагы ыйгарым укуктарын токтоткон», — деди Укибай.
Ошондой эле ал Назарбаев учурда пенсияда экенин жана саясий ишмердүүлүк менен алектенбей турганын белгиледи.
Белгилей кетсек, Нурсултан Назарбаев Казакстанды дээрлик 30 жыл башкарып, 2019-жылы президенттик кызматтан кеткен.