www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интернет булактарында жол боюндагы мыйзамсыз таштанды төгүүчү жай боюнча жарыяланган материалга ылайык текшерүү иштери жүргүзүлдү. Анда мыйзамсыз таштанды таштоочу жай Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Нурманбет айыл аймагындагы Ысык-Ата курортуна жакын жайгашкан жер тууралуу маалымат тараган.
Ага ылайык Жаратылыш, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан жеринде текшерүү өткөн.
Текшерүүнүн жыйынтыгында Нурманбет айыл өкмөтүнө Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 115-беренесине ылайык 17 000 (он жети миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды. Учурда “Нурманбет-Биримдик” муниципалдык ишканасы тарабынан аталган аймакта ыкчам түрдө тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.