www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев “Казакстан Республикасынын биринчи президенти Элбашы жөнүндө” мыйзамды жокко чыгаруу тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам өлкөнүн биринчи жетекчиси Нурсултан Назарбаевдин статусуна жана ыйгарым укуктарына тиешелүү. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Казакстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.

«Өлкө башчысы «Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Элбашы жөнүндө конституциялык мыйзамды күчүн жоготту деп табуу жөнүндө» Казакстан Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду», - деп билдирди басма сөз кызматы.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 13-январында Казакстан парламентинин депутаттары палаталардын биргелешкен жыйынында мыйзамды жараксыз деп табууга добуш беришкен. Алар учурда биринчи президенттин статусун жана ыйгарым укуктарын өзүнчө конституциялык мыйзамдын деңгээлинде жөнгө салууга конституциялык-укуктук негиздер жок экенин айтышты.

Ошондой эле, өткөн жылдын 5-июнунда Казакстанда Конституцияга өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча референдум болуп, өлкөнүн биринчи президенти Назарбаевдин статусу жана ыйгарым укуктары, ошондой эле анын президенттик кызматка шайлануусуна жол ачкан берене боюнча референдум өткөн. Мындан тышкары Назарбаевдин улут лидери деген статусу деген норма Конституциядан алынып салынган.

Үстүбүздөгү жылдын 10-январында Казакстандын Конституциялык соту “Казакстан Республикасынын биринчи президенти – Элбашы жөнүндөгү” мыйзамды жараксыз деп тапкан чечим чыгарган.

Элбашынын статусу Назарбаевге эмне берди?

“Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти – Элбашы жөнүндө” мыйзам Назарбаевдин, ошондой эле анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн статусун жана артыкчылыктарын жөнгө салган. Назарбаев элге кайрылууга, парламенттин, өкмөттүн жыйындарында сөз сүйлөөгө укугу бар болчу. Бул мыйзамга ылайык, биринчи президент кол тийбестик укугуна ээ болгон. Аны камакка алуу мүмкүн эмес болчу. Кол тийбестик Назарбаевге, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө жана аларга тиешелүү бардык мүлккө тиешелүү болгон.

Биринчи президент жөнүндөгү мыйзам жокко чыгарылгандан кийин Назарбаевдин ыйгарым укуктары Конституция жана Казакстандын президенти жөнүндөгү мыйзам менен жөнгө салынат. Ошол эле учурда биринчи президенттин жакындарына берилүүчү жөлөкпулдар жокко чыгарылат.

Маалымат үчүн айта кетсек, 13-январда Казакстандын парламентинде өткөн палаталардын биргелешкен жыйынында депутаттар “Казакстан Республикасынын биринчи президенти – Элбашы жөнүндө” мыйзамы, жана Назарбаевдин “ардактуу сенатор” макамы буга чейин жокко чыгарылган.

Алибек Бейжанов, Ташкент

Булак: NazarNews.kg

Последние новости