www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркия өкмөтү өлкөдөгү катуу жер титирөөдөн кийин жалган маалымат таратып, калкты дүрбөлөңгө салган 293 социалдык түйүндөрдүн ээлерине кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда Түркиянын Коопсуздук башкы башкармалыгы билдирди.
«Социалдык түйүндөрдөгү 613 аккаунттун ээлери аныкталды, аларда жер титирөөлөр тууралуу коркутуу жана дүрбөлөңгө салуу максатындагы чагымчыл билдирүүлөр камтылган. Алардын 293ү кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Башкы прокуратуранын буйругу менен кылмышка шектүү 78 адам кармалып, анын 20сы камакка алынды», - деп айтылат Башкы башкармалыктын маалыматында.
Мындан тышкары, бийлик жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам берүүгө аракет кылган жарандардын акчасын алдоо жолу менен уурдаган 46 фишингдик сайтты жабуу демилгесин көтөрдү. Жабырлануучуларга жардам көрсөтүү шылтоосу менен активдерди өткөрүп берүүнү сунуш кылган 15 социалдык медиа аккаунту жабылды.
6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышындагы Кахраманмараш провинциясында 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөр тогуз сааттык айырма менен болду. Жер титирөөдөн кийин жүздөгөн афтерсилкүүлөр коңшу өлкөлөрдө да сезилген, алардын ичинен Сирия эң көп жабыркаган. Түркияда 35 миңден ашуун адам каза болуп, 105 миңден ашуун адам жаракат алган.