www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы делген Кайрат Шарипбаев быйыл 14-январга чейин жетектеген QazaqGaz компаниясында 937 миллиард теңгеден ашык суммага (2,2 миллиард доллар) мыйзам бузуулар аныкталды. Бул тууралуу компаниянын азыркы төрагасы Санжар Жаркешов билдирди.

"937 миллиард теңгеден ашык суммага ортомчулук схемалар жана каржылык мыйзам бузуулар болгон. Анын 123 миллиард теңгеси укук коргоо органдары тарабынан аныкталды", – деди Жаркешов парламенттин дүйшөмбү күндөгү жыйынында.

Анын айтымында, QazaqGaz'да компаниянын ишмердүүлүгү боюнча толук аудит жүргүзүлгөн. Аныкталган 123 миллиард теңгелик мыйзам бузуу каржы мыйзамдарына байланыштуу.

Январь окуяларынан кийин өкмөттүн чечими менен "КазТрансГаз" компаниясы "Самрук-Казына" фондунун курамына киргизилип, улуттук макамындагы QazaqGaz деген аталышка ээ болгон. Жаркешов учурда компанияны "бардык жагынан жакшыртуу иштери" жүрүп жатканын белгиледи.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, марттын ортосунда компаниянын курамы толугу менен жаңыланган. Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаеванын бейрасмий күйөөсү деп эсептелген Кайрат Шарипбаев QazaqGaz компаниясын (буга чейин "КазТрансГаз" деп аталган) 2014-жылдан бери башкарып келген. Январь окуяларынан кийин Назарбаевдин жакындары, анын ичинде Шарипбаев да өз кызматтарынан алынган.

Өткөн жумада Шарипбаев кеткенден кийин QazaqGaz компаниясын убактылуу жетектеген Ибулла Сердиге издөө жарыяланганы кабарланган. Маалыматтарга караганда, ал акыркы 20 жылдан бери Шарипбаев иштеген түзүмдөрдө маанилүү кызматтарды ээлеп келген.

Жыл башында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев тургундардын автогаз баасынын жогорулашына нааразы болушу менен башталган Январь окуяларына "суюлтулган газдын кымбатташына жол берген өкмөттүн, анын ичинде Энергетика министрлиги менен "КазМунайГаз" компанияларынын да күнөөсү бар экенин" билдирген.

Анда президент нааразылыктын чыгуусунун негизги себептеринин бири катары "социалдык теңсиздик" жана байлар менен кедейлердин ортосундагы "жол берилгис ажырымды" атап, Казакстандын байлыгынын жарымына 162 адам ээлик кыларын айткан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости