www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Каракол шаарында бюджеттик каражаттын эсебинен 150 миллион сомго жабык базар курууну көздөшүүдө. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Бюджет жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Жаныбек Абиров билдирди.
Анын пикиринде, шаарды өнүктүрүү үчүн парктар көбүрөөк керек болмок.
«Бул каражатка 2-3 сапаттуу парктарды курууга болот. Шаардын инфраструктурасын өнүктүрүүгө базардын кандай тиешеси бар? Муниципалдык базарлар шаарга кандай пайда алып келет? Алардан шаардык бюджетке каражат түшпөйт. Ошондуктан мен муниципалдык базарларды курууга каршымын, анткени жеке базарлар бар.
Бизде Бишкекте 4 ири муниципалдык базар бар, алар чындап эле шаардын өнүгүүсүнө пайдалуубу? “Дордой” жана “Орто-Сай” базарлары 3 гектар жерди ээлейт, бирок шаарга эч кандай пайдасы жок. Ижара акысынан гана бюджетке алардан каражат түшөт, ушуну менен бүттү. Менимче, Каракол шаарына базар эмес, парктар көбүрөөк керек, өзгөчө туристтик шаар болгондуктан», - деп кошумчалады ал.
Булак: NazarNews.kg