www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Алсыз катмарга, аялзатына, жаш балдарга ыдык көрсөтүү күч алганы жан кейитет. Педофилдерди эл алдында сабак болчудай жазалап, жалпы коом тик туруп күрөшчү мезгилдебиз. Педофилдерди кандай жазаласак болот? Балдардын укугун коргоо үчүн катуу чараларды көрүү зарылбы?
- Биринчиден, ар бир балага коопсуз чөйрө түзүп берүү үчүн керектүү мыйзамдарды кабыл алышыбыз зарыл. Бала кайсы жерде болбосун: бала бакчага, мектепке барабы, музыкалык ийримдерге, футболго, күрөшкө, жайкы лагерлерде эс алабы, коопсуз чөйрө түзүлүшү шарт. Биринчиден, ал жакка жумушка орношуп жаткан педагогдор менен эмгек келишимдерин түзүп жатып, балдардын денесине кол тийгизбөө укуктарын эскертип, балдардын кандай укуктары бар экенин окутуп, тааныштырып кабыл алуу шарт.
Коомдук транспортто, эл арасында кыздарга, жаш балдарга кол салуу болгону айтылып келет. Ал жактан дагы ар бир адамга, кыз балага болобу, эркек балагабы, ыдык көрсөтүлсө, кордогон адамды камакка алуу же айыпка жыгуу зарыл.
Башка укук коргоо боюнча өнүккөн өлкөлөрдү карасак, ал жерде мен айтып кеткен эрежелердин баары бекитилген. Мындай көйгөй жок.
Мисалы, Кореяда коомдук транспорттордо аялзатына, балдарга ыдык көрсөтүшпөйт. Себеби, ошол жерден эле полициялар пайда болуп, камакка алып кетишет. Андан тышкары, педофилия эмне себептен көбөйүп жатат? Албетте, балдар кароосуз калганда кол салуу окуясы өрчүп кетет. Ал үчүн бизде президенттик деңгээлде балдар боюнча кодексти жаңы өзгөртүүлөрүн колдоп берсе жакшы болмок.
Себеби Жогорку Кеңеште балдарды коргоо боюнча окуунун жаңы редакциясы үч окуудан өтүп, колдоодон өткөн. Эми президент тараптан кубаттоо болсо, балдардын келечеги кадимкидей өзгөрүлөт. Демек, Кыргызстанда ар бир балага коопсуздук түзүп берүүгө мүмкүнчүлүктөр жаралат. Отуз жылдан бери балдардын укугун коргогон социалдык кызматкерлер жокко эсе.
Ошондуктан абал абдан оор болуп турат. Эгерде чыныгы коопсуз чөйрө түзүп берели десек, социалдык кызматтарды түзүшүбүз шарт. Бизде айыл жергесинде балдарга кандай зомбулук көрсөтүлүп жатканы, канчасы кароосуз калганы белгисиз. Бул абдан орчундуу жагдай. Көйгөй чечилип, жаңы мыйзамдар колдоо тапмайынча, биз балдарды коргой албайбыз.
Педофилдерди токтотуу үчүн билим деңгээлди жогорулатуу иштерин да алып баралы. Педофилия – биздин билим жагынан да төмөн экендигибиздин белгиси. Андан тышкары, ата-энелер балдарын көзөмөлсүз калтырбашы керек. Азыр мурдагы коопсуз чөйрө жок.
Бүгүнкү күндө бул дүйнө жүзүндө күчөгөн маселе. Балдарды ата-энелер таштабоо үчүн үндөйлү. Энелер балдарын дайыма өз жандарында алып жүрүшү керек. Качан гана бала зомбулукка учураганда чуркап калышат. Зомбулукка кабылгандан кийин баланын психикалык абалын калыбына келтирүү кыйын. Ошондуктан ата-энелердин жоопкерчилигин көтөрөлү.
Булак: Азия News гезити