www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы сүйлөшкөн кызын өлтүргөн ОшМУнун 24 жаштагы студентине сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Ош облусунун Кара-Суу райондук соту билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 28-июлда Кара-Суу райондук соту 22 жаштагы кызды өлтүрдү деп айыпталган ОшМУнун 24 жаштагы студентине карата өкүм чыгарды. Тергөөнүн маалыматы боюнча, чыр-чатактын айынан жигит кызды бычак менен бир нече жолу сайып, андан соң денесин өзүнүн үйүнүн короосуна көмүп салган. Сот аны өтө мыкаачылык менен өлтүргөн деп таап, 15 жылга эркинен ажыратты.
Эске салсак, 2022-жылдын 30-январында 22 жаштагы кыз эртең менен окуу жайга кетип, кайра келген эмес. Милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон кыздын бардык туугандарын жана тааныштарын суракка алып, жыйынтыгында кылмышка шектүү 24 жаштагы ОшМУнун 4-курсунун студенти изине түшкөн. Ал Орусияда кармалып, Ошко жөнөтүлгөн. Шектүү Ош РИИБнин тергөө кызматына жеткирилип, күнөөсүн мойнуна алып, үйүнүн короосунда көмүлгөн жерди көрсөтүп берген.
Булак: NazarNews.kg