www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пельмен, фрикадельки, котлет жана фарш сыяктуу даяр азыктарды жасаган цех өлгөн малдын этин колдонгону аныкталды. Бул тууралуу Улугбек Кожогулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ишкерликти текшерүүгө мораторий киргизилгенине байланыштуу көп жылдан бери пландуу текшерүүлөр жүрбөй келген.

"Ишкерликти текшерүүгө мораторий киргенден бери пландуу текшерүүлөр жүрбөй калганына байланыштуу айрым ишкерлер сапатсыз продукциядан тамак-аш жасап сатып келишкен. Мисалы, 18-июлда пельмен, фрикадельки, котлет жана фарш сыяктуу даяр азыктарды жасаган компанияны текшерүү боюнча кайрылуу түшкөн. Анын негизинде Экономика министрлигинен уруксат алып, 20-июлда аталган ишкана текшерилди. Муздаткычтагы эт азыктарынын коштоочу документтери жок болгонуна байланыштуу аны лабораторияга изилдөөгө жиберип, анын жыйынтыгы чыкканча цехтин иши бир күнгө токтотулган. Лабораториялык изилдөөлөрдүн жыйынтыгында, 21-июлда ал эт өлгөн малдыкы экени аныкталды. Мыйзамга ылайык, бул этти атайын жок кылуучу жайга алып кетүү зарыл. Бирок цехтин кожоюндары ал жыйынтыкка макул эместигин билдиргенине байланыштуу комиссия менен проба алынып, андан дагы эт өлгөн малдыкы экени аныкталды. Бирок ишкер ал этти алып кетүүгө каршылык көрсөтүп, аталган продукцияны жок кылууга тоскоолдук жаратууда. Учурда тийиштүү материалдар чогултулуп жатат. Иш укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет", — деди Кожогулов.

Ошондой эле ал аталган цехтин даяр азыктары текшерилип жатканын айтып, ага да сапатсыз эт колдонгон болсо, товар сатуудан алына турганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости