www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Журналист Назгуль Калмамбетова өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына ооруну жуктуруп албайлы, талаптарды аткаралы деген пикирин коомчулукка жарыялады.

"Өзүбүздөн баштабайлыбы ыя?

Байкап көрсөм, өтө эле майдаланып анан арызчыл болуп кеттик. Арзыбаган бир нерсе болсо деле, башкаларды күнөөлөгөнгө маш болдук. Жеке жашообуздагы проблемага да өлкө башчысы күнөөлүү, өкмөт күнөөлүү, мамлекеттик мекемелер күнөөлүү, аким күнөөлүү, айыл өкмөтү күнөөлүү иши кылып баары күнөөлүү, өзүбүз эле "сүттөн акпыз".

Аялыбыз же күйөөбүз менен пикирибиз келбей калса да, бийликти бир ашатып алабыз. Келгиле андан көрө жөн эле наалый бербей, ар бирибиз оңолуу жагына кадам таштайлы. Эң жөнөкөй турмуштук эрежелерди сактайлы. Өзүбүздү, коомду сыйлаганды үйрөнөлү.

Кеттик анда! Бүгүндөн баштап: Таштандыны-таштанды челекке таштайлы. Жолдон өткөндө "жоо кууп келатса да" жашыл жарыкка гана өтөлү. "Сеп этип" алып рулга отурбайлы. Кымызга суу кошпойлу. "Этибиз-эттей, бетибиз беттей болсун. Пара бергенче-бара берели. Пара берсе албайлы, балээсине калбайлы. Коомдук транспортто калп эле өлүмүш болуп уктап калбай, карыларга, боюнда бар айымдарга орун бошотолу. Жалган жалаа жаппайлы, уурдабайлы, өлтүрбөйлү!

Жогоруда аталган эрежелерди ар бирибиз сактасак эле, "кой үстүндө торгой жумурткалаган" алтын доордо жашап калганыбызды өзүбүз да сезбей калат элек.

Эгерде менин пикирим айрымдарга жакпаса негатив жазып наалыбай, тескери айланып өткүлө. Анан эң негизгиси азыркы тапта эч кимибиз оорубайлы, жуктуруп да албайлы, талаптарды сактайлы", - деген Назгуль Калмамбетова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости