www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саясий туткундарды колдоо митинги деген калп! Бул тууралуу маалыматты журналист Назгул Мамытова тактоо иретинде өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.
"Тактоо! 17-сентябрь экс-президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнү. 65 жашка толот! Ошонун урматына Кой-Таштагы үйүндө туулган күнүнө карата чакан иш-чара өтөт!
Саясий туткундарды колдоо митинги деген калп! Жалган ушакты жазып, элди дүрбөтпөгүлө! Алмаз Шаршенович камакка алынгандан бери үчүнчү ирет туулган күнү белгиленип жатат! Былтыр УКМКнын алдына барып, туулган күнү менен куттуктап кыйкырганбыз! Мындан саясат издеп иритпегиле!", - деп белгилеген Мамытова.
Эске салсак, буга чейин саясатчы Туйгунаалы Абраимов 17-сентябрда камактагы президент Алмазбек Атамбаевдин туулаган күнүнө карата тынчтык митинги өтөөрүн билдирген. Ошондой эле, ага 10 миңге чукул адам келерин да кошумчалаган.
Тынчтык митингде Атамбаевди түрмөдөн чыгаруу талабы коюлары маалым болду.
Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев Бишкектеги №47 колонияда отурат. Ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна жана 2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу соттолууда. Иштер Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралууда.
Булак: NazarNews.kg