www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аялдардын намысын коргойм! Аялдардын көз жашы төгүлбөсө экен дейм. Алар ийгиликтүү болуп, сүйүүгө маарып, жолдошунан жылуу сөз угуп, бактылуу болушса дейм! Мындай пикирин алып баруучу, актриса айым Назира Айтбекова өзүнүн Instagram баракчасына жазып чыкты.
“Кызыгы аялдан дээрлик курбу күтпөйм, сырдашпайм, бирок аялдын таламын талашкан жерде кызыл чеке, айгайды салып талашам! Феминист эмесмин бирок! Эркекти тебелеген, эркекти сыйлабаган, эркектин намысын жер менен жексен кылган аялды жаман көрөм. Балким тарбиядандыр. Балким жаратылышта аял - эркек ар киминин өз орду болушу шарт деген ойдо болгонумдандыр... ким билет?
Мурун эркек болгонду каалайт элем. Досторум “Братишка”, “Брат”, “Үкөм”, “Эркексиң!” десе дардактап сүйүнчүмүн негедир. 23 - февралда мырзалар менен катарлаш мага да куттуктоо көп келчү.
Азыр ал нерсе жакпай калды. Чоңойгон сайын аялдын, эркектин орду бар экенин түшүнүп келе жатам сыягы. Же өзүмдүн мурун аялдыгымды жеригендирмин да, азыр кабыл алып жаткандырмын.
Азыр ушундай аял болгум келген каалоо чыкты. Сулуу, назик, илбериңки, акылдуу, амалдуу, эрке болгум келип турат. Кара күчтү, түйшүктү оодарып коюп, эркелегим келип... Жыл өткөн сайын каалоолор, сезимдер, ой жүгүртүүлөр болуп көрбөгөндөй өзгөрүп турат сыягы .Өтө кызык...”, - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg