www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аялдын жан дүйнөсү өтө назик. Үлбүрөк. Үйлөп койсоң, ооруп калган. Астейдил, кастарлап сүйүү кажет. Алаканга салып, алдабай, ааламыңарды ачсаңар, гүлдөтүп беребиз. Жүрөгүбүз - аманатыбыз. Катуурак кысып койсоңор, өйүйт.

Байланып алып, багыбызды жайнатып, багынып, табынып, элжиреп сүйүп, жалынып жаныңарда жайдары жүргөндө барбыз, бактылуубуз. Күчүңөргө сүйөнүп, өзүңөргө таянып, эркелеп, назик болуп, жел үйлөсө учуп кетчү какым сыңары жашообузду алдыңарга жая салабыз. Тебелебегилечи? Чокоюңарды аарчып, чочутуп, чоңдугуңарды, күчүңөрдү көрсөтпөгүлө.

Сүйгүлө! Сүйүүнүн уяты, намысы жок. Арзууңарга малынып, карааныңар бир саамга кайып болсо, сагынып жашайлы! Эркектик деген корсоңдоп, корооздонуп, кыр көрсөтүү эмес. Эркектик деген назиктерди коргоо, сүйүү!- дейт теле алып баруучу Назира Айтбекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости