www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү алып баруучу, актриса Назира Айтбекова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасынан уулу менен сүйлөшкөн маекти жүктөдү.

“Сиз баланы сооротконду билбейт экенсиз!

- Эмнеге?

- Бир жолу атам экөөң ажырашканда ар кандай аталар болот. Айрым аталар балдарын же апасын аябай сабайт. Айрым учурда өлтүрүп коет. Ошон үчүн аларга салыштырмалуу атаң жакшы жана сени жакшы көрөт" дегенсиз. Мен ошол аталарды эстегенде ыйлагым келет.

Муну укканда оңтойсуз боло түштүм. Ал окуя эсимде жок негедир. Анын башка бүлө күткөнүн жумшартыш учун балким айткандырмын. Башкача салтыштыруу керек беле ким билсин? Айлам куруганда балам мендей өзүн ташталган сезбесин десем керек да. Бир саамга унчукпай калдым. Тынчтынымды уулум кайра эле суроосу менен бузду.

- Апа, атаңды сагынчу белең?

- Албетте, балам. Жол карап күтчүмүн. Бирок келген жок. Анткен мн кийин издеп, таап бардым. Тааныштым. Мага караганда сага тагдыр жылмайыптыр. Телефон аркылуу сүйлөшөсүң. Бир жумада бир болсо да көрүшөсүң.

- Бир айда бир.

- Айырмасы жок, балам. Бирок сен анын бар экенин жана сени жакшы көрөрүн билесиң. Эң башкысы башы аман.

...дедим. Тагдырыбыз окшошуп калганына ичим "тыз" дей түштү. Жашым тегеренип кетти. Ар ким өз атасын эстеп аткан чыгар жымжырттык өкүм сүрдү ортодо...”

Булак: NazarNews.kg

Последние новости