www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Өңгөнү билбейм, бирок ичимде ушунчалык эркиндикке болгон умтулуу, сүйүү жашайт!" Мындай пикирин теле алып баруучу Назира Айтбекова Инстаграм баракчасы аркылуу билдирди.

"Мен кыргыздын кызындай акылдуу, эрктүү, намыстуу, өжөр, тың кыз көргөн эмесмин. Кыргыздын кызына көп улуттун өкүлү суктанганын уккам. Өңгөнү билбейм, бирок ичимде ушунчалык эркиндикке болгон умтулуу, сүйүү жашайт! Эркиндик менен ээн баштыкты алмаштырбагыла! Эркин болуу - көздөгөн максатына жетүү, көкүрөгүндөгү сөздү айта билүү, каалаган окуусунда окуй алуу, каалаган жумушунда иштөө, жүрөгү сүйгөн адамга турмушка чыгуу, кордук, зомбулук менен күрөшө алуу, өзүнө үстөмдүк кылууга уруксат бербөө, чечим жасай алуу , каалагандай кийинүү, каалаган динин тутунуу же тутунбоо жана башка. Эркин болууга үндөсө эле ичип, чегип, көрүнгөн менен жүрүп кетүүнү түшүнүү бул келесоолук, караңгылык, түркөйлүк. Өзүн сүйгөн, өзүн караган, урматтаган аял  өзүнүн ден соолугуна кам көрөт жана өзүн тебелетпейт эч качан! Адамдын кийиминен анын жан дүйнөсүн, акыл - парасатын өлчөө - акыл тайкылык! Аял чечинип алса, акылы кыска же ыймансыз деп бир келесоо айтса, башка келесоолор аны бийик тутуп, ишенип жүрөт. Чүпүрөк менен акыл да, ыйман да өлчөнбөйт! Чүпүрөктөн качан бийик турабыз? Кийимден, айдаган унаадан, бийлигинен, байлыгынан адамды өлчөп, ошого карата мамиле жасоо - өткөн чак! Модасы өттү анын! Учурдагы мода жан дүйнөнү, билимин, адамгерчилигин баалоо эсептелинет! Эскиликтен чыккыла!" - деп жазган Назира Айтбекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости