www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдыңкылары LUX. Ал жак абдан кымбат болду. Айрым партиялардын орундуктары толбой, итбай- чотбайдын барын кошту. Иши кылып киши керек болду. Мындай пикирин теле журналист Назира Айтбекова Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

“Партиядан орун алыш үчүн 200.000$ - 1000.000$ чейин сатылды. Алдыңкылары LUX. Ал жак абдан кымбат болду. Айрым партиялардын орундуктары толбой, итбай- чотбайдын барын кошту. Иши кылып киши керек болду. Айрымдары, акчасы жетиштүүлөрү, же демөөрчүсү барлары алдыңкы орунду коомдо аты, абдыракаты, акылы барлар менен толтурду. Сонун пиар ход болду! Бирок башкы маселе алар өтсө орунун башка карышкырлар талашып албайбы?

"Ордуңду сат!" деген соодалашуу жүрөт эмес беле. Элестет эми миллион долларды Кыргызстандын өнүктүргөнү берип атканын! " Ме миллион мен Кыргызстанды өнүктүрөм!" деп атканын элестет! Чындыкка коошпой атпайбы! Акылга сыйбай атат! Ошол миллионду өнүктүргүсү келген киши мындай эле өнүктүрө бербейби , ээ? Же эмне сөзсүз эле депутаттык креслого келип өнүктүрүш керек деген мыйзам барбы? Жөн эле "Абдыракат" сатып алып атышат! Көпкөн миллионерлер урганы жок сенин өлкөңдү анан өлкөңдөгү көйгөйүңдү! Калктын карды ачып атабы иши эмне алардын? 200 миң сомду чөнтөккө салып коюп , эс алганы кетпеди беле биз кырылып атканда! Аларды тим эле акчасы бар экен деп Корона айланып өтчүдөй! Аларга азарт маанилүү! Аларга авторитет болуу маанилүү! Аларга "Крутой" көрүнүү маанилүү! Аларга бизнесин коргоо жана өнүктүрүү маанилүү! Аларга жерин, элин сатып, байып кетүү маанилүү! Чет өлкөдө үйлөрү, жайлары бар. Каалаган убакта чыгып кетет! Тамтаңдап баягы биз калабыз! Өзүбүздүн кыйшык , араң жан арабабызды сүйрөп алып! Иттей кооз сүйлөп туруп, итке мингизип кетет! Отуз жылдан бери жаттап калдык го фокустарын! Ишене берген ишенчээк элбиз ээ? 

 Өлө берилип ишенебиз го! Чиркиндики!

P.s. "Омеееей, дагы алдандыкпы?" деген келесоо бет менен калбайлы, ээ? Шыпырып кетчү деле ыштан калган жок отуз жылда. Көчүгүбүз ачык! Башка өлкө колдонуп кетет эсибизге эрте келбесек!» - деп жазган Айтбекова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости