www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү тележурналисттердин катарын толуктаган Назира Ахмедова Ат-Башыда курула турган логистикалык борбор тууралуу өзүнүн пикирин социалдык тармакка жазып чыкты.

--«Чабандыктан башка иш жок болгон Ат-Башыда логистикалык борбордун курулушун колдойм. Бирок!.. Эгер аткаминерлер логистикалык борбордун пайдалуулугун түшүнгөн болсо, ушундай масштабдуу чоң долбоор тууралуу өкмөт маалымат кампаниясын түзүшү керек болчу. Кайрадан утулушту... Кичине бир нерсе болсо эле үчүнчү күчтөрдү шылтоолойбуз», - деди Назира Ахмедова.

Эске сала кетсек, бүгүн, 15-февралда Ат-Башы районунда болгон митингде жергиликтүү тургундар логистикалык борбордун курулушун кытайлык компаниялар жүргүзүшүнө каршы чыгышты.

Миттингге миңден ашуундар жарандар катышып, логистикалык борбор тууралуу ушул убакка чейин өкмөт бир дагы расмий документ көрсөтө албагандыгын айтып, логистикалык борборго берилген жер айыл өкмөттүн балансына кайтарып берүү керектигин билдирди. Жыйындын соңунда атайын резолюция кабыл алынды.

Ушул талаптар эки жуманын ичинде 2020-жылдын 1-мартына чейин аткарыбласареалдуу кадамдарга барарыбызды эскертебиз. Бул кайрылуу талап, 2020-жылы 17-февралда кабыл алынды”, деп жазылган резолюцияда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости