www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 8-март Аялдардын эл аралык күнүндө «Аялдардын шериктештик маршы» болуп өткөн. Жыйынтыгында жүрүшкө катышкандарды Жеңиш аянтында баштаган топту милиция кармап кеткен. Алардын башында турган «ана» башчылары башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалган Рита Карасартова менен Алтын Капалова бар. Рита Карасартовага Билим Берүү министрлиги тарабынан азырынча эч кандай эскертүү бериле элек.

Райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Эрлан Атантаев «Аялдардын шериктештик маршында» кармалгандар алар уруксат берилбеген жерде митинг өткөрүшкөндүгү үчүн милиция тарабынан кармалагандыгын билдирген.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда эртең, 10-мартта,  8-мартта кармалгандарды колдоп ЛГБТнын өкүлдөрү митингке чыгат.  Маалыматтарга таянсак ЛГБТнын өкүлдөрү менен чабышууга кандайдыр бир топ даяр экендиги тымызын айтылууда.  Бул жолу алар калпаксыз жана беткапсыз эле аларга чабуулга өтө тургандыгы айтылууда.

“Эртең боло турган гей-параддын кайрадан чыгуу максаты эмнеде жана ким буларга уруксаат берип, эч бир чара көрүлбөй жатат? Мени ушул суроолор ойлондурууда. Демек, бул ишти тымызын колдогон бийлик өкүлдөрү барбы?

Мейли, эртең кайра маңкурттукка үндөгөн лозунгдары менен чыгышты дейли. Бирок бул митингдин тынч өтүшүнө ким кепилдик берет!? Ортодо массалык пикир-келишпестиктен улам кырсык болбойт деп ким айта алат!?

Деги эле, кыргыздын кылым карыткан улуу тарых, каада-салт, үрп-адат, үй-бүлөлүк баалуулуктарын тебелешип, келечек муундун тагдырына талкалай турган, акылга сыйбаган, акмакчылыктарга неге жол берилип жатат?! Биз тарыхыбызды түптөп, келечек муунга татыктуу тарбия берели, деген чоң максаттарга умтулсак, булардын "жатындан" ары ашпаган кемчонтой ойлорун эмне үчүн коомго таңуулашып, элдин ортосун эки ажырымга салып жаткандарына катуу чаралар көрүлбөй жатканы өкүндүрөт. Батыштын мындай шайтан саясаты Кыргыздан алыс болушу керек! Албетте, эртең, 10-мартта ЛГБТынын өкүлдөрүнө чабуул жасалышы мүмкүн, мен ага ишенемин”-деди Назира Бегим.

Эске сала кетсек, жергиликтүү соттор Биринчи май, Ленин, Октябрь райондорунун бийликтеринин арызынын негизинде расмий эмес иш-чараларды, анын ичинде марштарды, митингдерди өткөрүүгө 1-июлга чейин чектөө киргизген.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости