www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украина көптөн бери Орусиянын аймагында террордук диверсия ыкмаларын колдонуп келет. Бул тууралуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйынында Россия Федерациясынын уюмдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя билдирди.

Анын айтымында, «украиндык» стратегдер «батыштагы кожоюндарынын көзөмөлү астында ушундай эле жол менен аракеттенишет». Дипломат мындай диверсиянын көптөгөн мисалдары бар экенин, бирок «8-октябрда Украинанын атайын кызматы тарабынан жасалган Крым көпүрөсүндөгү теракт», анда төрт адам набыт болгондугун жана көптөгөн украин аткаминерлери муну ачык эле «жашырып» жатканын тактады.

Небензя ошондой эле Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен пранкерлердин сүйлөшүүсүн эстеп, Крымдагы жана Белгороддогу жардыруулардын артында Киев турганын мойнуна алды.

Эске салсак,19-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында украин бийликтери сүйлөшүүлөр боюнча бардык сунуштарды четке кагарын билдирди. Ал Киев Орусиянын жаңы аймактарын аткылоону улантып жатканын кошумчалады.

«Алар ачык эле террористтик ыкмаларды колдонушат: жашоону камсыз кылуучу жайларда диверсияларды, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кол салууларды уюштурушат», - деди Путин.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости