www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында айдоочу сүзүп алган адамды ооруканага жеткирип, андан кийин качып кеткен. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 20-октябрда саат 20:25тер чамасында белгисиз адамдар Кочкор айылындагы С.Орозбаков менен Айтбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги светофордон ушул айылдын тургуну 1984-жылы туулган К.К.ны белгисиз автоунаа сүзүп, Кочкор райондук ооруканасына алып барып таштап кетишкени тууралуу маалымат түшкөн. Натыйжада жөө жүргүнчү алган жаракатынан улам ооруканада каза болгон.

Издөө иштеринин жыйынтыгында Кочкор районунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен Ауди-100 автоунаасы аныкталып, айдоочусу 1994-жылы туулган А. уулу Т. аттуу жаран жана жүргүнчүлөрү Кочкор районунун тургундары 1993-жылы туулган Т. у К., С.М. кармалып, тергөө кызматына тапшырылды.

Бул окуя Кочкор РИИБде катталып тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости