www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Эч качан пара албайм» деген бийлик өкүлү Алмаз Бейшеналиев пара алганы үчүн жыдыды. Элдин көбүнүн билишинче ал жөн жүрбөй «Гүленчи» катары Гүлендин идеясын колдоп жүргөнү белгилүү. Эрдоган да саясый карьерасын баштаганда Гүленди пир тутчу. Кийин шайлоого аттанганда Америкада жашаган Гүленге барып шайлоодо бирге болууга макулдаткан. Стамбулдун мэри болуп турганда Кыргызстанга келип «Себат» (азыркы «Сапат») лицейлерин ачканга катышкан. Шайлоону жеңип алып премьер болгондон кийин гуленчилерден арылып жалгыз башкарууга өткөн. Гүлен Эрдогандын авторитардык башкаруусун сындап жүрөр эле. «Бийликке келсең достук жоголот» деген накыл кеп дагы бир жолу тастыкталган.

Гүлен саясат эмес, агартуу иштерин өнүктүргөн  адам эле. Мусулмандар билимдүү болуш керек, мусулман өлкөлөрү демократиялык система курса өнүгөт деген саясатты карманар эле. Гүлендин идеяларын, билим системасын жактырган жана уланткан түрктөр Түркияда жана башка өлкөлөрдө өтө көбөйүп бараткан.

Эрдоган ошондон корксо керек. Аскер төңкөрүшүнүн шылтоосу менен Гүлендин идеясын колдогон интеллигенцияны камап жок кылып жиберген. Анткени, билимге, реформага, демократияга умтулгандар диктатордук башкарууга каршы болушат.

Эрдоган бийликке келиш үчүн 3 нерсеге таянган:

1. Түрктөрдүн Осмон импердик сезимин ойготуу жана ишке ашыруу;

2. Диндик жана улутчулдук сезимди күчтөндүрүү;

3. Жеке бийлик орнотуп дүйнөгө таасирин кеңейтүү.

Импердик котур менен ооруган өлкө башчылары жана алар башкарган мамлекеттер эмне болгонуна жакынкы тарыхта эле далай мисалдар бар.

Азыр Американын шайы ооп бараткандыктан, Американын ордун Түркия да ээлеп калганга умтулууда. Украин-орус чатагында ортого түшүп эки элди элдештиргиси келген Түркия. Акыркы мезгилде Түркия да салмактуу державалардын катарын толуктай баштады. Түркия НАТОдо анын жарым аймагы Европада жатса да Евросоюзга кабыл алышпай, алар менен чекилешип жүрөт. Негизи Евросоюзду алаканга салып турушкан Франция менен Германия кокус Түркия Евросоюзга кирсе чоңдугуна салып аларды тынчытып койот деп тынчсызданып жатса керек. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган орус элине, адабиятына жана искусствосуна салынган санкцияларга каршы экенин билдирди. Түрк лидеринин айтымында, динине, тегине жана терисинин түсүнө карап бөлгөн менталитеттин адамзатка жана цивилизацияга эч кандай тиешеси жок. Рак клеткасы сыяктуу коомдорду каптаган расизм оорусуна Батыш дүйнөсү эми каршы туруусу зарыл экенин баса белгилеген Эрдоган: «Биз Украинанын кароосуз калтырылышы сыяктуу,  орус элине, адабиятына, окуучуларына жана сүрөтчүлөрүнө карай бакшыларга аңчылык кылганга окшош аракеттерди кабыл албайбыз. Германияда филармония оркестринин дирижерун Путиндин досу экен деп кызматтан четтетишүүдө. Аркы жагынан карап турсаңыздар, Достоевскийдин чыгармаларына Италияда жана башка Европа өлкөлөрүндө тыюу салынууда. Ушул кылымдын ушул маалында аларды көрүп, башыбыздан өткөрүү биз саясатчыларды чындап эле жердин түбүнө киргизип жатат. Бул фашисттик ишке ашыруулар топон менен саманды аралаштыргандай өч алуу жана жек көрүү  климатын күүлөө менен жаңы нааразычылыктарды жаратып, украин элинин мыйзамдуу күрөшүнө да көлөкө түшүрүүдө», - деп каңкуулады.

Түркия катары аймактагы кризистерге карата биринчи күндөн тартып сабырдуулукту сактап, принципиалдуу жана абийирдүү позицияны көрсөтүшкөнүн билдирген Эрдоган: «Биз өз өлкөсүндөгү согуштан, куугунтуктан качып, эшигибизге келген бир дагы адамдын тилине, динине, терисинин түсүнө караган жокпуз. Биздин улут дагы бир жолу адамдык сыноодон ийгиликтүү өттү», - деди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости