www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

20-октябрда президент Садыр Жапаров менен УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоого байланыштуу 6 саатка созулган жыйын болуп өттү. Ага кимдер катышканы, ким эмне деп сүйлөгөнү, кандай жооп алганы тууралуу мурдагы омбудсмен, жаңы түзүлгөн КДКнын (Консолидация жана диалог үчүн кыймылынын) жетекчиси Турсунбек Акун NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

--"Бул жыйынга жарандык коомдун өкүлдөрү, талаштуу жерлерге тийиштүү аймактын аксакалдары, жаштары келип, жалпысынан 300гө чукул адам катышты. Көп нерселер ачыкка чыкты. Бийликтин айтканы боюнча азыр суу сактагычтын алдында 4170 гектар жер жатат. Ушул жердин ордуна 60-жылдары кенемте катары бизге 15 миң гектар жер пайдаланууга берилген. Аталган 15 миң гектар жана суу астындагы 4170 гектар жер учурда карта боюнча Өзбекстандын жеринде турат. Эми жалпы 19 миң гектар жерди толугу менен өзүбүзгө каратып алуу аракети жүрүүдө. Бул жөн гана макулдашуунун негизинде эмес, мыйзамдын негизинде бекитилээри айтылды. 

Жогоруда айтылган кенемтеге берилген жерлерди көпчүлүк биздин жер деп эсептейт. Себеби ошончо жылдын бери кыргыздар отурукташып, күн кечирип келишкен. А чынында андай эмес. Ал жерлердин бардыгы карта боюнча Өзбекстандыкы. Эми бийликтегилердин айтканы чын болуп, аталган жерлер толугу менен Кыргызстанга өтө турган болсо, анда бул чоң жеңиш да. 

Жыйында бийликтегилерге чек ара маселесин чечүүдө шашылбоо сунушу берилди. Ага президент да, УКМКнын төрагасы да, буга чейинки бийлик бул маселени чечип койгондо биз башыбызды оорутпайт элек, эл бизден чек араны тезинен чечип берүүбүздү суранууда деген жоопту узатышты. Менин оюмча бул жооп аргументтүү. Буга чейинки бийлик аракет кылып чечпеген маселеге батынып, жаманаттуу болгонуна, саткын деп аталганына карабастан чечип жатканы бул өзү чоң нерсе.  

Бирок, жалгыз дарак токой болбойт. Андыктан оппозициянын өкүлдөрүнөн, улуттук күчтөрдөн, коомдук саясий өкүлдөрдөн, патриот, кызыкдар адамдардын башын бириктирген диалог түзүп, чек ара маселесине тийиштүү адамдарды кошуп, алар менен биргелешип чечилсе азыркыдай чыр-чатак, талаш-тартыштын баары болбойт эле", - деп билдирди Турсунбек Акун.

Толугу менен төмөнкү тасмадан көрө аласыздар:

Булак: NazarNews.kg

Последние новости