www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британияда небересин колдоого келген чоң эненин башына  кокусунан топ тийип, каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты. 

Маалыматка караганда, окуя Тонтон шаарында болгон. Анда 69 жаштагы Женнифер Селвуд аттуу чоң эне, небересине  колдоо көрсөтүү максатында, өспүрүмдөр арасындагы регби оюну боюнча мелдешти көрүп жаткан.

Бир убакта ойноп жаткан оюнчу топту тепкенде,  кокусунан чоң эненин башына тийип, ал эс учун жоготкон. Женнифер Селвуд, Бристоль шаарындагы ооруканда эки апта комада жатып, каза болгон. Анын артында жолдошу, эки баласы жана 4 небереси калганы айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости