www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нефтинин баасы январдан тарта дагы кымбаттады

Brent үлгүсүндөгү нефть жыл башынан бери, тагыраагы, 2020-жылдын январь айынан тарта баррелине 63 доллардан болуп кымбаттады. Бул тууралуу сатуу алакасы боюнча маалыматтардан билсе болорун РИА Новости агенттиги жазды.

Москва убактысы боюнча саат 02.09га (05.09 – Бишкек убактысы) карата түштүк деңиздин апрель фьючериндеги Brent үлгүсүндөгү аралашманын баалары 0,83 пайыз, башкача айтканда, 63,18 долларга чейин өскөн. Марттагы фючерде WTI 1,27 пайыз 60,47 долларга чыккан.

Нефтиге болгон баанын кымбатташы февралдан тарта күчүнө киргенден берки ОПЕК+ боюнча келишимге байланыштуу. Бир катар мамлекеттер нефть өндүрүүнү кошумча кыскартары белгилүү болгон. Ал суткасына 1,425 миллион баррелди түзгөнүн, мунун миллиону Сауд Аравиясына туура келери айтылды.

Мындан сырткары, дүйнөлүк экономиканын алсыроосу боюнча кооптонуулар азаюуда. Бул коронавирустун жугуу темпинин төмөндөшү жана вакцинациянын башталышына байланыштуу болгону айтылды.

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости