www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден Флоридада 2018-жылы 17 адамдын өмүрүн алган мектептеги ок атууну эскерүү иш-чарасына катышты. Паркленд шаарындагы үч жыл мурунку окуя АКШнын тарыхындагы билим берүү жайында катталган эң кандуу кырсык болуп калган.

Байден кылмыш ондогон үй-бүлөлөрдүн жашоосун түбөлүккө өзгөрткөнүн билдирди.

“Биз Паркленддин тургундары, ок атуудан жакындарын жоготкондор меннен бирге кайгырып турабыз. Биз каза болгондордун жана алардын жакындарынын алдында милдеткербиз. Көп нерсени өзгөртүшүбүз керек”.

Жо Байден Конгресске кайрылып, курал-жарак сатууда талаптарды күчөткөн мыйзам кабыл алууга чакырды. Ал кыргын салчу куралдарды сатууга тыюу салууну жана курал-жарактарды алгандардан милдеттүү түрдө кошумча маалыматтарды талап кылууну сунуштады. Курал-жаракты сатууга көзөмөлдү күчөтүү боюнча президенттин сунушу Конгрессте колдоо табар-таппасы азырынча белгисиз.

Паркленддеги атыш акыркы жылдарда бир нече адамдын өмүрүн алган окуялардын бири болуп калган. Бул калабадан соң АКШда курал алып жүрүүнү татаалдаштыруу боюнча коомдук пикир курчуса да, Конгресстеги республикачылардын каршылыгынан улам кабыл алынбай келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости