www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Некролог - Мыктыбек Абдылдаев

Коомдук жана мамлекеттик ишмер, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, милициянын генерал-лейтенанты Абдылдаев Мыктыбек Юсупович 73 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Президенттин администрациясы анын некрологун жарыялады.

Мыктыбек Абдылдаев 1953-жылдын 17-августунда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Кара-Жыгач айылында туулган.

1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1989-жылы СССРдин Ички иштер министрлигинин академиясын бүтүргөн. 1999-жылы юридика илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.

1985–1990-жылдары Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, 1991–1994-жылдары аталган башкармалыктын жетекчиси болуп иштеген.

Ар кайсы жылдары ички иштер министринин орун басары жана биринчи орун басары (1994–2001-жж.), Президенттин алдындагы Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун директору (2001–2002-жж.), Президенттин администрациясынын коргоо жана коопсуздук бөлүмүнүн башчысы (2002–2004-жж.) кызматтарын аркалаган.

2004-жылдын октябрынан 2005-жылдын 23-мартына чейин башкы прокурордун милдетин аткаруучу болуп иштеп, 2005-жылдын март айында ички иштер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган.

2006-жылдын 17-майынан 2007-жылдын 13-апрелине чейин Президенттин администрациясынын жетекчиси кызматын аркалаган.

2010-жылдын октябрь айында «Ата-Журт» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

2023–2025-жылдары Элдик курултайдын катчылыгын жетектеген.

Мыктыбек Абдылдаев I даражадагы «Аскердик каармандык эмгеги үчүн» медалы, I даражадагы «Күжүрмөн кызматы үчүн» медалы жана Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын «Шериктештик» ордени менен сыйланган. Ошондой эле ага «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» ардактуу наамы, мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана юстициянын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси класстык чендери ыйгарылган.

 

 

 

 

 

Последние новости