www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйшөмбүдө Непалда кыйраган учактын курмандыктарынын саны 49 адамга жетти. Бул туурасында Азаттык маалымдайт.

Ага ылайык, Бангладештин борборунан келаткан учак 12-мартта баш калаа Катмандунун аэропортуна конуп жатканда кырсыкка учураган. "US-Bangla" компаниясына таандык учакта 67 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү болгон.

Аэропорттун куткаруу кызматы учактагылардын айрымдарын чыгарып кетүүгө үлгүргөн. Ошентсе да ооруканага жеткирилгендердин көбүнүн абалы оор экени кабарланууда.

Кырсыктын себеби аныктала элек. Непалдын премьер-министри Шарма Оли набыт болгондордун жакындарына көңүл айтып, иликтөө жүргүзүлөрүнө убада берди.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости