www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америкалык чалгындоо кызматы Батыш борборлорунун Орусиянын Украинага каршы аскерий аракеттерин болтурбоо үчүн өтө аз убактысы калганын НАТОго мүчө өнөктөштөрүнө эскерткенин жума күнү кечинде New York Times гезити жазды.

Гезит Джо Байдендин администрациясындагы булактарына таянып жазганына караганда, Кремл орус-украин чек арасына жакын жерде жайгашкан аскерлерди колдонуу боюнча чечим кабыл ала элек, бирок алардын саны жана курамы орус жетекчилигинин аракетине байланыштуу олуттуу тынчсызданууну жаратат.

Жума күнү АКШнын Аскердик штабдарынын биргелешкен комитетинин жетекчиси, генерал Марк Милли Украинанын куралдуу күчтөрүнүн башкы командачысы Валерий Залужный менен телефондон сүйлөшкөн. Анда бул аймакта орус армиясынын активдүүлүгү "тынчсыздануу жаратып" жатканы талкууга алынган

New York Times гезити америкалык жана британ чалгын кызматы орус президенти Владмир Путин Украинанын көпчүлүк аймагын басып алуу же өлкөнү туруксуздаштыруу жана орусиячыл өкмөттүн келишин камсыз кылуу максатында аскерий операция жүргүзүү вариантын карап жатканына ынанууда деп жазган. Алардын пикиринде, Путин Минск тынчтык жараянынын натыйжа бербей жатканына кыжырданууда. Европанын Орусиянын жаратылыш газына көбүрөөк көз карандылыгы Орусиянын аскерий операциясына жооп катары кескин чараларды көрүүгө батынбайт деген үмүттү жаратышы мүмкүн.

Гезиттин маалыматы боюнча, америкалык расмий адамдар аскерий операцияга каршы биргелешкен план түзүүнү сунуштап, анын маанилүү бөлүгү санкциялар боло турганын айтышкан.

Батыш булактарынын маалыматына караганда, орус армиясынын согуштук бөлүктөрү жана аскердик техникалары, анын ичинде танктар, гаубица жана "Искандер" ракеталары жакында Воронеж облусунун Павловск шаарына жакын жерге топтолгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости