www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Рейддин жүрүшүндө унаа салыгын төлөбөгөндөргө жалпы жонунан 739 миң сомдук айып салынган. Бул тууралуу Салык кызматынан кабарлады.
2-сентябрдан 10-ноябрга чейин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери менен салыкчылар биргелешип, транспорт каражатына салык төлөбөгөндөрдү аныктоо максатында бир жарым миңге чукул рейд өткөргөн.
«Рейддин жүрүшүндө 28 миң автоунаа текшерүүгө алынган. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгы менен салыкты мыйзамда белгиленген мөөнөттө төлөбөгөндүгү үчүн 739 миң сом өлчөмүндө 739 административдик айып салынды», — деп айтылган маалыматта.
Эскерте кетсек, унаа салыгын төлөө мөөнөтү 1-сентябрда аяктаган. Мыйзамга ылайык, аны убагында төлөбөгөндөргө 1 миң сом административдик айып каралган. Аталган кызматтан салык төлөө мөөнөтү кечиктирилген ар бир күн үчүн туум эсептелерин эскертишти.
Булак: NazarNews.kg