www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Беш жылга уланган ремонттон кийин кечээ күнү Тарых музейи ачылды, жаңы дайындалган маданият министри немис компаниясына болгон карызды жабууга жетишти, бирок музейдин ичинде баягы эле картондон жасалган аттар жана ар бири жарым миллион сомдон айланган жасалма устун-бактар турат.
Эбегейсиз коррупция менен коштолгон Тарых музейинин ремонту бүттү, ал иштей баштады, бирок ага киргендер чыныгы тарыхтан мурда заманбап технология менен дизайнды көрөт, экспонаттардын бир тобу өз убагындагыдай эмес, бир кыйла жаңыланган, ал эми ошол эле мезгилде Кочкор же Красная речкадагы тарыхый эстеликтер азыр чирип-каракталып жатат.
Шерменденин шерменделиги болсо – 2017-жылдагы шайлоо алдында музейден IV-кылымдагы мумия алынып чыгып, жерге көмүлгөн. Жалгыз ушул эле факт – Кыргызстанда азыр чыныгы тарых илими дагы, чыныгы тарых музейи да дээрлик жок экенин далилдейт. Кеп ошондо.