www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

New York Times: Мусулмандар Франциядан кетип жатат

“New York Times” гезити Францияда басмырлоо мамилесине кабылган көптөгөн мусулмандар өздөрүн коопсуз сезбегендиктен өлкөдөн чыгып кетип жатканын жазды. Анда АКШга таандык “New York Times” гезити «Мусулмандар Франциядан тынч кетип жатат» деген баш сөз менен атайын кабар жарыялаган.

Өлкөдөгү саясатчылар менен басма сөздүн бул окуяга көңүл бурбаганы баса белгиленген.

Франциядан кеткен 900 мусулмандын арасында сурамжылоо жүргүзгөн Лил университетинен профессор Оливье Эстевес: «Бул адамдар Канада, Англия сыяктуу өлкөлөрдүн экономикасына салым кошот, Франция өзүн-өзү алсыратып жатат», - деди.

Кабарда АКШнын Филадельфия штатында жашаган француз жараны Сабри Луата 2015-жылы Францияда болгон террордук кол салуулардан бир күндөн кийин, «ыплас араб» деп аталып өлкөдөн чыгып кеткени жазылган. 130 адамдын өмүрүн алгаy террордук кол салуунуy курмандыгы болгон Луата: “Франциядан кетишимдин себеби 2015-жылдагы кол салуулар болду. Эгер АКШнын чыгыш жээгиндеги чоң демократиялык шаарда жашасаңыз, Парижге караганда тынч жашайсыз. Ал  эми бул жакта (Франция) кайнап жаткан казандын ортосуна түшкөндөйсүң”, - деп оюн айткан.

Мындан сырткары, гезит мурдагы президент Николас Саркози убагында Адам укуктары боюнча мамлекеттик министр болгон мусулман Рама Яденин 2017-жылы президенттикке талапкер өнөктүгү ийгиликсиз аяктаган соң өлкөдөн чыгып кеткенине да көңүл бурган.  

Франциядагы Адам укуктары боюнча Улуттук кеңештерге караганда 2020-жылы мусулмандарга каршы күч өткөн жылга караганда 52 пайызга өстү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости