www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мажар өкмөтү билдирүү таратып, премьер-министр Виктор Орбандын Европа Биримдигинен чыгуу тууралуу айтканын төгүндөдү.

Орбандын басма сөз катчысы Золтан Ковач твиттерге жазган постунда германиялык dpa маалымат агенттиги “жаңылды” деп маалымдады. “Премьер-министр Виктор Орбан Евробиримдиктен чыгуу идеясын кыйыткан эмес. Биз тескерисинче, ЕБ менен бирге калгыбыз келээрин, чогуу болсок гана анын келечеги бар экенин айтты”, - деп жазды ал.

Мажарстандын оңчул улутчул премьер-министри Виктор Орбан өзү жетектеген өлкөнүн Евробиримдиктен чыгуу мүмкүнчүлүгүн кыйытканын эл аралык dpa маалымат агенттиги 12-февралда жазган. Ал мындай оюн парламенттик шайлоого байланыштуу жолугушууларда айтканы белгилүү болгон.

Виктор Орбан жылдык кайрылуусунда быйыл 3-апрелде Мажарстанда парламенттик шайлоо өнөктүгү башталаарын белгилеп, Евробиримдик мыйзам үстөмдүгү урааны астында өлкөгө каршы “ыйык согуш, жихад” жүргүзүп жатканын айтты. Ошол эле маалда 12-февралда Будапешттеги тарапкерлерине Евробиримдик Мажарстанга “толеранттуулук” көрсөтүүсү керектигин билдирди. Орбандын айтымында, ансыз орток жолду улантуу мүмкүн эмес.

Мажар өкмөт башчысы - эгер Орусия Украинага кол салса, коңшу өлкөдөн качкындар келиши ыктымалдыгын эскерткен. Ал - Мажарстан согушту болтурбоону жактай турганын, бирок ошол эле маалда Орусияга каршы ЕБдин санкцияларына да каршы экенин айткан.

Виктор Орбандын орус президенти Владимир Путин менен мамилеси жакын. Орусия 2014-жылы Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап алгандан кийинки Евробиримдиктин Москвага карата санкцияларына Орбан ачык эле каршы чыгып келген.

Экономикалык жана саясий бирикме болуп саналган Европа Биримдигине учурда 27 мамлекет мүчө. Мажарстан уюмга 2004-жылы кошулган. Соңку сурамжылоолорго ылайык, мажарлардын 80% жакыны өлкө ЕБде калышын жактайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости