www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Басылманын маалыматына караганда, Орусиянын Тышкы чалгын кызматы 2016-жылдагы шайлоо өнөктүгүнүн алдындагыдай афроамерикалыктарга багытталган ыкмаларды колдонууда. Мындан тышкары АКШдагы неонацисттик топторго таасир эте турган жаңы ыкмаларды пайдаланып, ультраоңчулдар менен алардын оппоненттерин зомбулукка түртүүдө. Бул иштер негизинен социалдык түйүндөрдөгү жабык тайпалар менен чаттар аркылуу жүргүзүлүүдө.

Америкалык атайын кызмат өкүлдөрүнүн пикиринде, Орусиянын максаты — шайлоодо президенттикке талапкерлердин бирине жардам берүү гана эмес, АКШда «башаламандык сезимин жаратуу» болуп эсептелет.

Шейшемби күнү АКШнын атайын кызматы Өкүлдөр палатасындагы жабык жыйында Орусиянын аракеттери тууралуу маалымат берди. Өз кезегинде бул президент Дональд Трамптын нааразылыгын жаратты. Ал Демократиялык партиядагы саясий атаандаштары Орусиянын кийлигишүүсү тууралуу билдирүүлөрдү ага каршы колдонуп, коркунучту апыртып айтып жатышат деп эсептейт.

 

Буга чейин атайын прокурор Роберт Мюллер жетектеген комиссия Орусия 2016-жылы АКШдагы шайлоо өнөктүгүнө кийлигишкенин ырастап, аракеттеринин көбү Трампка жардам берүүгө багытталганын билдирген. Бирок ошол эле маалда комиссия Трамптын шайлоо штабы менен Орусиянын ортосунда кутум болгонун ырастаган эмес. Трамп өзү бул комиссиянын иликтөөсү боюнча бир нече жолу скептикалык пикирин билдирген. 

Булак: "Борбор Азия жаңылыктар кызматы"

Последние новости