www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нигерияда аскердик учак кулап, 7 адам каза болду

Нигериянын аба күчтөрүнө таандык аскердик учак өлкөнүн борбору Абуджанын аэропортуна келе жатып кулап түштү. Бул тууралуу Нигериянын авиация министри Хади Сирика өзүнүн Твиттердеги баракчасы аркылуу билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты. Белгилүү болгондой, кырсыктын кесепетинен борттогу жети адам тең каза болгон.

Маалыматка ылайык, "King Air 350" аскердик учагы абага көтөрүлгөндөн 15 мүнөттөн кийин Абуджа шаарындагы аэродромдун жанына кулап түшкөн. Кырсыктан бир аз мурун учкуч кыймылдаткычында көйгөй бар экендигин билдирген. Ал учуп кетүүчү аэропортко кайтып келүүгө аракет кылган, бирок учак конуу тилкесине жетпей кулап түшкөн. Окуяга күбө болгондордун айтымында, учак турак жайларга кулап түшүшү мүмкүн болчу, бирок учкуч акыркы мүнөттө багытын өзгөртүүгө үлгүргөн.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости